Главная » Статьи » А » Алтынай Нарбаева

Сүйкүм элес
Текст песни Сүйкүм элес, исполняет Алтынай Нарбаева

Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?

Жазылып маңдайына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.

Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Категория: Алтынай Нарбаева | Добавил:Admin (15.04.2013) | Просмотров: 985 | Рейтинг: 1.0/1
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]