Главная » Статьи » А » Асанкалый Керимбаев

Сендей мага
Текст песни Сендей мага - исполняет Асанкалый Керимбаев

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт. 

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача. 

Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч. 

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.
Категория: Асанкалый Керимбаев | Добавил:Admin (14.04.2013) | Просмотров: 8456 | Рейтинг: 3.2/31
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]