Главная » Статьи » А » Алина Жетигенова

Менин бульварым
Текст песни Менин бульварым, исполняет Алина Жетигенова

Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкундаткан жүрөк оту жыргалым.
Бишкегиме күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң жаш шаарым.
Сергектентип кары - жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.
Категория: Алина Жетигенова | Добавил:Admin (16.04.2013) | Просмотров: 10675 | Рейтинг: 2.9/16
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]