Главная » Статьи » А » Асель Турдалиева

Жаз жамгыры
Текст песни Жаз жамгыры, исполняет Асель Турдалиева

Жаз жамгыры жаайт эркелеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөдөн.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унутардай.

Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм келсин деп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын, 
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унутардай.
Категория: Асель Турдалиева | Добавил:Admin (13.04.2013) | Просмотров: 8195 | Рейтинг: 0.0/0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]