Главная » Статьи » Р » Райкан Абдувалиева

Жар-жар
Текст песни "Жар-жар" исполняет Райкан Абдувалиева

Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар,
Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар.
Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар,
Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар. 

Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар,
Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар.
Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар,
Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар.

Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар,
Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар.
Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар,
Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
Категория: Райкан Абдувалиева | Добавил:Admin (10.04.2013) | Просмотров: 16390 | Рейтинг: 2.6/49
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]