Главная » Статьи » Б » Бектурганов Т.

Туулган күн
Текст песни "Туулган күн" исполняет Таалай Бектурганов

Бүгүн сенин туулган күнүң,
Жарык дүйнөгө келдиң сен бүгүн. 
Ата-энең эңсеп жүрүп, 
Кубанычка бөлөнгөн бүгүн. 
Келип достор сен үчүн бүгүн, 
Каалоо айтып кетчү күн.

Кайырма:
Кана, достор, көңүл ачалы,
Белек берип, каалоо айталы.
Бул жашоодо узак өмүр сүр,
Сен ар дайым ден соолукта жүр.

Ата-эне ак сүтүн акта,
Досторуңдан сен алыстаба.
Туулуп өскөн өз мекениңди, 
Таза суудай сен таза сакта.
Сүйүүдө ар дайым ак болгун,
Өз элиңдин намысын сакта.

Кайырма:

Бүгүн сенин туулган күнүң, 
Жарык дүйнөгө келдиң сен бүгүн. 
Куттуу болсун туулган күнүң!
Категория: Бектурганов Т. | Добавил:Admin (11.04.2013) | Просмотров: 10753 | Рейтинг: 3.1/35
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]