Главная » Статьи » Б » Бек Борбиев

Алыстарга
Текст песни Алыстарга, исполняет Бек Борбиев

Көңүлүм опокшош күн-айлардан чарчаганда,
Ич дүйнөм жалындуу сезимдерге чаңкаганда.
Кайрылам көктөгү булуттарга ырым менен,
Ала кет деп мени алыстарга.

Кайырма: 
Алыстарга, ала кет, сен мени,
Алыстарга.
Тумчуккан туңгуюкка эмес,
Жарыктарга.

Жүрөгүм кыйналып кусалыктан ысыганда,
Ич дүйнөм күн-түн болуп, таң атпай кыстаганда.
Суранам көктөгү булуттардан ала кет деп,
Мени түшүнгөн жарык, алыстарга.

Кайырма:
Категория: Бек Борбиев | Добавил:Admin (05.05.2013) | Просмотров: 1325 | Рейтинг: 2.0/3
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]