Главная » Статьи » Б » Бек Борбиев

Он жыл мурда
Текст песни Он жыл мурда, исполняет Бек Борбиев

Сагынычтын ыза деми,
Жамгыр болуп себелеген.
Сага болгон кусалыгым,
Жан дүйнөмдү тебелеген.

Жоолугумду бекем байлап,
Жолугууга эртелеген.
Жоодур көзүң көргөнүмдө,
Жаным, сага эркелегем.

Кайырма:
Бул кез он жыл, он жыл мурда,
Болгон эле.
Сага он сегиз, он сегиз жаш, 
Жаңы толгон эле.
Он жыл мурда болгон эле,
Сага он сегиз толгон эле.
Бул кез он жыл, он жыл мурда,
Болгон эле.

Узап кетип сенден алыс,
Кайра артка кайткан күнүм.
Өмүрлүккө колуп сунуп,
Жарым бол деп айткам бүгүн.

Унутамын кантип аны?
Жарың болом, макул дегем.
Экөөбүздү бөлүп тынды,
Кыйын тура турмуш деген.

Кайырма:
Категория: Бек Борбиев | Добавил:Admin (05.05.2013) | Просмотров: 1517 | Рейтинг: 0.0/0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]