Главная » Статьи » Б » Бек Исраилов

Карындашым
Текст песни Карындашым, исполняет Бек Исраилов

Көп кыздын арасынан өзүң гана,
Көктөгү жанып турган чолпон элең.
Кокустан чаң жугузуп аламбы деп,
Колумду тийгизгенден коркор элем.

Көп кыздын арасында балбыл жанып,
Көздөрүң жарык чачкан жакут эле.
Ар дайым аппак жүзүң жаркыратып,
Күлгөнүң бир мен үчүн бакыт эле.

Жаштыкта кимдер гана жаңылбасын,
Жанымда жок болсоң да жадымдасың.
Эңсеймин, бирок сага жетмек кайдан,
Бар болгун бажырайган карындашым.
Категория: Бек Исраилов | Добавил:Admin (20.05.2013) | Просмотров: 2007 | Рейтинг: 2.8/6
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]