Главная » Статьи » А » Асанкалый Керимбаев

Муңдашым Мунар, кайдасың?
Текст песни Муңдашым Мунар, кайдасың? - исполняет Асанкалый Керимбаев

Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?

Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?

Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым,
Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам таппайм айласын,
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?

Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө тете кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?
Категория: Асанкалый Керимбаев | Добавил:Admin (14.04.2013) | Просмотров: 659 | Рейтинг: 2.0/2
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]