Главная » Статьи » А » Асанкалый Керимбаев

Жаштарга
Текст песни Жаштарга  - исполняет Асанкалый Керимбаев

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе, калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бул жолуң өтөт билинбей.

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс-акыл менен пайдалан.

Күүлөнөт күлүк күнүндө, 
Туйлайт дейт тулпар тушунда. 
Турмушка өчпөс из калтыр. 
Туягың бүтүн чагында.
Категория: Асанкалый Керимбаев | Добавил:Admin (14.04.2013) | Просмотров: 2251 | Рейтинг: 3.5/4
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]