Главная » Статьи » Б » Бакыт Шатенов |
Күйдүм чок
Текст песни Күйдүм чок, исполняет Бакыт Шатенов Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок, Күйдүм десем түтүн жок. Жүрөгүмдүн башында, Жүгөрүдөй бүтүн жок. Кан-Жайлоо деген бийик бел, Кар жааса согот муздак жел. Кайырма жака, кара көз, Кадырды билсең өзүң кел. Ак теректей бүрдөнүп, Жүрөсүң ак жоолук салып түрдөнүп. Айласын таап жете албай, А мен жүрөм, Адашкан тайлак өңдөнүп. Боз теректей бүрдөнүп, Жүрөсүң боз жоолук салып түрлөнүп. Болжолун таап жете албай, Мен жүрөм, Боздогон тайлак өңдөнүп. | |