Главная » Статьи » Б » Бакыт Шатенов

Түшүмдө
Текст песни Түшүмдө, исполняет Бакыт Шатенов

Суюлуп жылдыз бириндеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын асты терең сай,
Ташыган өзөн күрүлдөп.
Өзөндү бойлоп келатсам,
Алдымдан чыктың күлүңдөп.

Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселтип.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтелеп.
Жароокерсиң алтыным,
Жаш баладай эркелеп.

Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде сенсиң ар дайым.
Эсенсизби агай деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим сага ушул деп,
Белестин гүлүн арнадың.

Аңгыча чочуп ойгонсом,
Өңүмдө эмес түш экен.
Капилеттен көргөн бул түшүм,
Каалаган селким өзү экен.
Унутпай эстеп жүрсүн деп,
Урматтап айткан сөз экен.
Категория: Бакыт Шатенов | Добавил:Admin (03.05.2013) | Просмотров: 440 | Рейтинг: 0.0/0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]