Главная » Статьи » Б » Балтагулов Э. |
Досторго
Текст песни "Досторго" исполняет Эмил Балтагулов Талантым тоо томкоруп кетсе дагы, Ташкындап ай-ааламга жетсе дагы. Каалабайм досторум жок өткөн күндү, Толтуруп бар байлыкты берсе дагы. Атагым аалам жарып турса дагы, Алгын деп алтын-күмүш сунса дагы. Алмашпайм эч нерсеге досторумду, Өмүргө мүрөк суусун куйса дагы. Жакшыны, жаманды да тең бөлүштү, Тагдыр буйругун сен тең көрүштүң. Тилегим – ыраазы болсун Жаратканым, Бактымды келет сага тең бөлүшкүм. Кубанчымды келет сага тең бөлүшкүм, Сүйүнчүмдү келет сага тең бөлүшкүм. | |