Главная » Статьи » Б » Бегимай Эсенгулова

Сагынба
Текст песни Сагынба, исполняют Бегимай Эсенгулова, Султан Садыралиев

Жүрөгүмдү жоошутат,
Үзүлбөгөн үмүтүм.
Өткөн күндөр чубалып,
Көз алдымда көрүндү.
Үшүп турат ак сүйүү,
Айлуу түн тузагында.
Тилегимдин үлүшү,
Кеттиби кучгыңа?

Кайырма:

Сагынба,
Жүрөгүмдү ыйлатып.
Сагынба,
Гүл өмүрдү кыйратып.
Сагынба,
Сагынбачы суранам,
Сагынсаң,
Арбыйт менин убарам.

Жан дүйнөмдү жаралап,
Пайдасы жок чалынба.
Махабаттын жалынсыз,
Алоосуна малынба.
Тагдырыңа таарынып,
Талабы жок багынба.
Тар дүйнөнүн кайгысы,
Салса сени жалынга.

Кайырма:
Категория: Бегимай Эсенгулова | Добавил:Admin (04.05.2013) | Просмотров: 637 | Рейтинг: 0.0/0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]