Главная » Статьи » Б » Бек Борбиев |
Аттигиниң
Текст песни Аттигиниң, исполняет Бек Борбиев Чачылбай күкүмдөй, Жүрсөм да бүтүндөй, Жүрөктүн сенде жартысы. Жашоодо күтүлбөй, Күйө албай түтүндөй, Сен белең болбой калчусу? Ээрчишип кете албай, Эркимди жеңе албай, Жашынып жүрөм жаныңда. Кааласам бара албайм, Аргамды таба албайм, Турмуштун ошол камчысы. Кайырма: Аттигиниң, аттигиниң, аттигиниң, Арманымды угуп коёр барбы кимиң? Жан дүйнөмдүн жартысы, ээ, калып үйдө, Алдыңда мен жарты турам, аттигиниң. Илебиң көксөсөм, Имерип өкчөсөм, Жыргалдын сенде алчысы. Жаз айы өтпөгөн, Жайнаган, көктөгөн, Жашоомдум сенде жартысы. Жан элең ыйлабас, Жалгандан кыйнабас, Кабагың неге бүркөлөт? Башкалар барктабас, Мен үчүн акталбас, Көз жашыңдын бир тамчысы. Кайырма: Терикпей, кебелбей, Барбы дейм же билбейм, Күнөөмдүн сенде жартысы. А бирок билсин дейм, Бир мага келсин дейм, Бар болсо өчүн алчусу. Сен жашсың, бүтүнсүң, Мен жарты, күкүммүн, Айтпасам дагы билерсиң. Нетсең да көтөрөм, Кетсең да көтөрөм, Турмуштун ошол камчысын. Кайырма: | |