Главная » Статьи » Б » Бек Борбиев

Жаз жамгыры
Текст песни Жаз жамгыры, исполняет Бек Борбиев

Жаз жамгыры жаайт экилеп, тахти-тахти, тах-тах, 
Тереземди улам черткилеп, тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөдөн.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унутардай.

Жамгыр мага күүсүн энчилеп, тахти-тахти-тах-тах,
Кусаланам сүйүү келсин деп, тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка багынамын, дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсө угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.

Кайырма:
Категория: Бек Борбиев | Добавил:Admin (05.05.2013) | Просмотров: 2102 | Рейтинг: 0.0/0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]