Главная » Статьи » К » Кадыралы Артыков

Кыялдануу
Текст песни "Кыялдануу" исполняет Кадыралы Артыков

Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган,
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.

Кайырма:
Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап,
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.

Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп,
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келе атсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.

Кайырма:
Ээ-эй,кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой кызгалдак бышса күбүлүп,
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбөргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө,
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.

Кайырма:
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголор.
Категория: Кадыралы Артыков | Добавил:Admin (10.04.2013) | Просмотров: 1602 | Рейтинг: 3.0/2
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]