Главная » Статьи » М » Мирбек Атабеков

Ильяздын ыры
Текст песни "Ильяздын ыры" исполняет Мирбек Атабеков

Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн,
Келээрмин аман болсо да бир көксөө.
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

Сен эсен кусалыкка сезимимди,
Жаздыгы салкын желден, кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайыңан,
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына.

Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Категория: Мирбек Атабеков | Добавил:Admin (10.04.2013) | Просмотров: 1454 | Рейтинг: 5.0/1
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]