Главная » Статьи » М » Мирбек Атабеков

Таласым
Текст песни "Таласым" исполняет Мирбек Атабеков

Токоюм бойлоп баратсам,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар, ий,
Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан.

Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Хан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер.

Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластын,
Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер.

Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да эй,
Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан.
Категория: Мирбек Атабеков | Добавил:Admin (10.04.2013) | Просмотров: 3163 | Рейтинг: 4.5/6
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]